Президент Коргоо министрлигинде кадрлык өзгөртүүлөрдү жасады

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык, Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду. Ага ылайык, Эрлис Тердикбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Руслан Мукамбетов Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын башчысы – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Акылбек Ибраев коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Алмазбек Карасартов коргоо министринин орун басары кызматына – Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмил Жусуповду мандатынан ажыратуу маселеси козголобу?

Кечээ, камакка алынды делген “Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси менен алданып калгандар келишим түзүшкөн эмес. Келишим компаниянын негиздөөчүсү делген Эмил Жусупов менен түзүлгөнү айтылууда. Айрым жарандар “Эмил Жусупов учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Ал эми кармалды, камалды деп айтылган жигит анын жакын досу. Келишимдердин 70-80 пайызы Эмил менен түзүлгөн. Мандатына таянып, жоопкерчиликтен […]

Сизге жагышы мүмкүн