Президент “Клооп Медианын” жабылышы боюнча комментарий берди

Автор

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кезектеги кыскача маек берип, анда “Клооп Медианын” жабылышы, өлкөдөгү сөз эркиндиги, иликтөө журналистикасы жана иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу суроолорго жооп берген.
Президенттин маегин толугу менен төмөндо беребиз:

— Саламатсызбы, журналисттер коомчулугуна “Клооп Медиа” деген ат менен таанымал коомдук фондду жоюу тууралуу чечимди Жогорку сот кабыл алганын жергиликтүү ЖМКлардын бири кабарлады. Бул боюнча сизде маалымат бар беле?

— Мен деле силерге окшоп маалыматты ЖМКлардан окудум.

— Бул медианын жабылышы өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизбейби?

— Эч кандай. Биз 30 жылдан бери анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганбыз. Азыр эми ошол оорулардан коомчулук айыгып жатат.

Бизде сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес.

— «Клооп Медиа» ар кандай иликтөөлөрдү жасап келгени маалым. Аны жабуу чечимине дал ушул ишмердүүлүгү себеп болгон жокпу?

— Иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө жарымды каралоо максатында иликтеген үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын.

— Негизи эле өлкөбүздүн жогорку бийлиги иликтөө журналистикасына кандай карайт?

— Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте андайларды колдобойбуз.

— Болот Темировдун иликтөөлөрүнө кандай карайсыз ?

— Болот Темиров «үрө берет, кербен жүрө берет». Анын иликтөөлөрүнө көңүл бурбайбыз.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Байденге эл көп жерге барууга тыюу салынды

АКШнын президенти Жо Байден Ак сарайда журналисттери менен баарлашуу учурунда АКШнын президенти ага коопсуздук кызматы тыюу салганын моюнга алды. “Мага эми эл топтолгон жерлерге барууга болбойт. Коопсуздук кызматы бул өтө кооптуу дешет”,-деди АКШнын лидери. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн