“Өзүңөргө белгилүү болгондой, генерал лейтенант Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен контрабанда жана уюшкан кылмыштуу топтор менен айбыгышкан күрөш жүрүүдө. Анын натыйжасында мамлекетибизде, анын ичинде Баткен облусунда да өнүгүүлөр болуп жатат”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров өзгөчө кызматтын Баткен облусттук башкармалыгынын жаңы курулган имаратын ачып жатып. Ал УКМК төрагасын мактап, анын демилгеси менен өлкө аймагында УКМКнын жаңы имараттары курулуп, ишке берилип жатканын айтты. Анын ичинде УКМКнын Баткен башкармалыгынын имараты да бар деди.