Президент жергиликтүү кеңештерге жаңы шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Автор

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүн, “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, кайра уюштурууга алып келген тиешелүү аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгү жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери 1-тиркемеге ылайык таркатылсын.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2-тиркемеге ылайык 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын.
3. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлсүн.
4. Шайлоо аракеттеринин башталган күнү болуп 2024-жылдын 17-сентябры аныкталсын.
5. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
– жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;
– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонсун.
6. Министрлер кабинети:
– Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлсүн;
– шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
– Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;
– Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдерине ылайык шайлоочуларды идентификациялоо программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
– шайлоочуларды эсепке алуу системасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
– Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууда, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын камсыз кылууда көмөк көрсөтсүн;
– добуш берүү үчүн жабдууларды коопсуз сактоону жана шайлоочуларды идентификациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
– Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.
7. Калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүүдө зарыл болгон чараларды көрсүн жана шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоого даярдык көрүүдөгү жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда көрсөтүлгөн кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
10. Башкы прокуратура шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда «Талибан» кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды

Кыргызстанда «Талибан» кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги расмий билдирди. «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим […]

Сизге жагышы мүмкүн