30 -март күнү саат 15:50 чамасында Алмата облусунун Иле районундагы Байкент айылындагы Ворошилов суу тосмосу жарылган. Жарылган тосмонун туурасы 4-5 метрди түзгөн. Президен суу ташкынынын алдын ала албаган бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялап, кырсыкка кабылган жарандардан кечирим сурады жана бардык чыгымдары төлөнөөрүн билдирди.
Учурда Абай, Ак-Төбө, Кустанай, Батыш Казакстан, Акмола, Атырау, Караганда, Түндүк Казакстан, Улытау, Алмата жана Павлодар облустарынан жалпы, 12.701 адам эвакуаланды, алардын 4.728 жаш өспүрүмдөр. Мындай маалыматты Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. “Суу каптаган аймактарга министрликтин жана башка өлкөлөрдөн жардамга келген куткаруучулар тартылды”,- делет маалыматта.
Аслан Койчиев, президенттин кеңешчиси: "Эл аралык кысымдарга карабай ийгиликтерди жаратып жатасыңар"
Дүй Апр 1 , 2024