Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги бак-дарактарды паспорттоштуруу боюнча жарлыкка кол койду. Демилге жалпы улуттук “Яшил Макон” долбоорунун алкагында эксперимент катары ишке ашырылат.
Биринчи этап 2024-жылдын 1-мартына чейин. Анда -бак-дарактарды толук инвентаризациялоо каралган.
Экинчи этап 2024-жылдын 1-ноябрына чейин. Анда аныкталган бак-дарактардын түрүн, жашын, бийиктигин, абалын жана жайгашуу координаттарын чагылдырган маалымат базасы түзүлөт.
Үчүнчү этап 2024-жылдын 31-декабрына чейин. “Яшил Макон” электрондук платформасында маалымат базасынын, ар бир дарактын паспортторун жана ID номерин ыйгаруу негизинде калыптандыруу.
Эксперименттин жыйынтыгында республиканын башка аймактарында бак-дарак паспортторун киргизүү пландалат.