Мындай маалыматты УКМК төрагасы элге жасаган кезектеги билдирүүсүндө таратты. Ал президент Садыр Жапаров менен болгон мамилесине токтолуп, “эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Биз үчүн кыргыз элибиздин бакубат өнүгүп, өсүүсү эң кымбат жана эч нерсеге алмашкыс. Президентибиз мурдагы Башмыйзамдын негизинде 6 жылга шайланган. Ал эми бүгүнкү Башмыйзамдын негизинде 5 жылга шайланууга укуктуу. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган Кыргызымдын эр азаматы чыгат буюруса», — деп жазган.