Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк дизайнындагы Togg T10X электромобилинин биринчи ээси болду.
Салтанаттуу аземде президентке биринчи ата мекендик электромобилдин ачкычы тапшырылды.
«Биз биргелешип элибиздин 60 жылдык кыялынын аткарылышын көрүп жатабыз. Бүгүнтөн баштап Тоггду жолдордо көрөбүз”,-деди Режеп Тайып Эрдоган.
Эрдоган Тогг Түркияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө популярдуу болоруна ишенерин билдирди.
Togg T10X электр унаасынын сатуу боюнча жараяны башталгандан бери 177 467 буйрутма алынды.
Шайлообек Атазов "Дордойдогу" баш аламандыктарды жеринден талкуулады
Шей Апр 4 , 2023