Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, беш жогорку даражалуу кызматкер атайын жана аскердик наамдарынан ажыратылды.
Жапаровдун 10-октябрдагы Жарлыгына ылайык, Талантбек Салиев, Санжарбек Эркинбаев «генерал-майор» наамынан, Алмазбек Орозалиев, Мирлан Каниметов жана Малик Нурдинов «милициянын генерал-майору» наамынан ажыратылды.