Президент Атомдук электр станцияларын куруу боюнча референдум өтөөрүн айтты

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында элге кайрылуу жасады. Ал өлкөдө атомдук электр станциясын куруу маселеси жалпы элдик референдумга коюла турганын айтты.
«2019-жылы шайлоо алдындагы платформамда эң маанилүү стратегиялык маселелер боюнча чечимдер референдум аркылуу кабыл алынат деп убада бергем. Атомдук электр станциясын куруу же куруудан баш тартуу биздин өлкөнүн келечегине байланыштуу өтө маанилүү маселе. Ошондуктан мен аны жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунуштайм. Конкреттүү даталарды кийинчерээк чечебиз»,-деди ал.
Токаев атомдук энергетиканы өнүктүрүү маанилүү экономикалык жана саясий маселеге айланганын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоого 3,6 миң насыя берилди

“Айыл Банк” жана “РСК Банк” тарабынан “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун эки категориясы боюнча 7 миң 231 насыя берилип, жалпы суммасы 3 млрд 260,9 млн сом болгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.   Анын ичинен “Айыл Банк” 1,6 млрд сомго 3605, “РСК Банк” 1,6 млрд сомго 3656 насыя берген. Белгилеп […]

Сизге жагышы мүмкүн