Президент аскерлердин санын 2 миллиондон ашыруу боюнча жарлыкка кол койду

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн штаттык санын 2 миллион 389 миң адамга чейин көбөйтүүнү караган жарлыкка кол койду. Алардын ичинен 1,5 миллиону аскер кызматкерлери болот. Жарлык 2024-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Буга чейин президент 2023-жылдын декабрында армиянын санын 170 миң адамга көбөйтүп, 2 миллион 209 миңге жеткирген. Бул сандын ичинде 1 миллион 320 миң аскер кызматкерлери болгон. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы РФнын Куралдуу күчтөрүндө эки армия жана 50 жаңы бирикме түзүлгөн.
Путин өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча армияга курал-жарак жеткирүү 2022-жылга салыштырмалуу үч эсе көбөйгөнүн айткан. Ал куралдуу күчтөрдү чыңдоо улантыларын убада кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаровду Казакстанга кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, иш сапары менен Казакстанга “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Расмий делегациянын курамындагылар: — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; -президенттин пдминистрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; — Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев; — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри […]

Сизге жагышы мүмкүн