Президент Алиев учак кырсыгына байланыштуу КМШ саммитинен кетти

Автор

Азербайжан президенти Илхам Алиев КМШ саммитинен Актау шаарындагы учак кырсыгына байланыштуу кайтып келет.
Баку (Азербайжан) – Грозный (Россия) багыты боюнча каттамды аткарып жаткан учактын экипажы башкаруу системасынын бузулганын билдирип, коопсуздук сигналы жөнөткөн жана Казакстандын Мангистау облусундагы Актау шаарына конуу чечимин кабыл алган.
Актау аэропортуна конууга аракет кылып жатканда учак жерге кулап түшкөн.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда болгон учак кырсыгынан кийин 25 адам ооруканага жаткырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров учак кырсыгына байланыштуу Илхам Алиевге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. “Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн […]

Сизге жагышы мүмкүн