Президент ак халатчандардын айлыгын көтөрдү

Автор

Садыр Жапаровдун медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулаткан Жарлыкка кол койгону белгилүү болду. Эми, 1-сентябрдан баштап, дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга, орто медициналык кызматкерлердин айлыгы 20 пайызга, кенже тейлөөчү жана тез жардам кызматынын айдоочуларынын айлыгы 10 пайызга көтөрүлөт.
Мурда алыскы аймактарда иштеген жалпы хирургдар 20 миң 136 сом айлык алса, айлыгы көтөрүлгөндөн кийин 50 миң 205 сом алышат.
Анестезиолог жана реаниматологдор мурда 35 миң 481 сом алган болсо, эми 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алып калышат.
32 миң 474 сом айлык алган педиатрлардын айлыгы да көбөйдү. Эми, 20 миң сом чамасында компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алышат.
Ушуга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болсо, 1-июлдан тартып, 20 миң сомдон ала баштайт. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылдын 1-июлунан тарта биринчи этап менен алыскы аймактарда, чакан шаарларда жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүүгө талап кылынган педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургдар, анестезиолог-реаниматологдорго 20 миң сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр каралганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Францияда добуш берүү аяктады: Ашынган оңчулдар алдыда келе жатат

Жекшемби, 30-июнда Францияда парламенттик шайлоонун биринчи туру өттү. Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, Марин Ле Пен жана Жордан Барделла башында турган «Улуттук биримдик» 34 пайыз добуш менен алдыда келе жатат. Экинчи орунда 28,1 пайыз добуш менен солчул альянс «Жаңы Элдик Фронт» турат. Ал эми президент Макрондун борборчулары 20,3 пайыз добуш топтоду. Бүгүнкү […]

Сизге жагышы мүмкүн