Президент акырына чейин күрөшөрүн айтты

Автор

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль ага каршы козголоң жана мамлекеттик чыккынчылык боюнча козголгон иликтөөгө байланыштуу комментарий берди. Ал «акырына чейин күрөшөрүн» билдирди. Расмий телекөрсөтүү кайрылуусунда ал өз ыктыяры менен кызматтан кетүүдөн баш тартты жана өткөн аптада аскердик абал киргизгенин «улутту коргоо жана мамлекеттик иштерди нормалдаштыруу» үчүн жасалган кадам катары түшүндүрдү. Анын сөздөрүн «Рёнхап» агенттиги келтирди.
Учурда президентке каршы козголоң уюштуруу шеги боюнча иликтөө жүрүп жатат. Оппозиция 14-декабрда импичмент сунушун кайрадан добуш берүүгө коюуну пландап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде 6 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке өттү

Баткенде 6 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мыйзамсыз жеке менчикке алынган жерлерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө УКМК тарабынан 189 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,3 […]

Сизге жагышы мүмкүн