Президент Акылбек Жапаровду эмне себептен кызматтан алганын айтты

Автор

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды.
Мамлекет башчынын айтымында, өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы акыркы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды.
“Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Усенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле”,- деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле, мыйзамсыз иш аракеттеринен улам, салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болгондугун президент баса белгиледи.
Андан соң, өлкө башчысы эл өкүлдөрүнө кайрылып, коом турмушу саат жебесиндей токтобой кете берээрин, андыктан биз да өз ишибизди токтотпой улантышыбыз керек деп белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Тергөө комитети: Генерал Кирилловду өзбек жараны жардырган

Россиянын Тергөө комитети Москвада теракт жасаган деп шектелип жаткан, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу (РХБЗ) аскер бөлүгүнүн башчысы Игорь Кириллов жана анын жардамчысы каза болгон окуя боюнча маалымат берди. Шектүү 1995-жылы туулган Өзбекстандын жараны экени айтылды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал Украинанын атайын кызматтары тарабынан жалданганын мойнуна алган. Генералды өлтүрүү үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн