Президент АКШга келип конду

Автор

Президент Садыр Жапаров  бүгүн,  18-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарына келип конду. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышат.

«Сапардын алкагында президент БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат», — деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана чет өлкөлөрдүн, ошондой эле Эл аралык финансы институттарынын башчылары менен жолугушат.

 

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

 

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев;

президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов;

жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

юстиция министри Аяз Баетов;

Кыргызстандын БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.

Бөлүшүү:
Next Post

Эшимбеков  Катардагы элчиси кызматынан бошотулду

Чынгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Эшимбеков Чынгыз Казыбаевич Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Чынгыз Эшимбеков 2019-жылы сентябрда Катарга элчи болуп дайындалган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн