Президент айрым саясатчылар менен партияларды оорулуу деп атады

Автор

Садыр Жапаров 30 жылдан бери добуш сатып алуу менен бийликке келип жүрүшкөн саясатчыларды жана партияларды оорулуу деп атады. Аларды саясий аренадан сүрүп чыгарып, ишмердүүлүктөрүн токтотолу деп жатышкандарын билдирди.
“Силер Европалыктар, тээтигил жакта жатып алып эле ач кыйкырык салып жатасыңар. Келгиле, көргүлө, бизде баардыгы ачык. Биз азыр басып жаткан жолду силер 50-100 жыл мурда басып өткөнсүңөр. Ошол мезгилиңерди унутпагыла. Биз да оңолуп, силерге кууп жетели деп жатабыз. Биз силерге душман эмеспиз, биз көз карандысыз өлкөбүз. Андыктан, биздин ички ишибизге кийлигишпегиле”,деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Стамбулдун жээгинен мина табылды

Стамбулдун Агва маягынын аймагында деңиз минасы табылды. Кооптуу нерсени күбөлөр байкап, окуя болгон жерге сапёрлорду чакырышкан. Адистер бул жарылуучу түзүлүш экенин тастыкташты. Кырсыкка байланыштуу жээктер жана жакынкы аймак убактылуу жабылды. Минаны зыянсыздандыруу жүргүзүлүп жатат. 29-июнда ушуга окшош мина Эрегли шаарында, жээктен 60 метр аралыкта табылган. Ал учурда дагы бийлик жээктерди […]

Сизге жагышы мүмкүн