Гавайиге кыйраткыч өрттөн кийин келген АКШнын президенти Жо Байденди кортеждин жолунан мурдагы президент Дональд Трампты колдогон сөздөр жазылган плакаттарды көтөргөн адамдар чыгышты. Байденди өрткө өтө кеч жооп бергени үчүн сынга алышууда. Ал бул темада тилсиз жоо башталгандан бир жумадан кийин сүйлөгөн.
Президент жана анын коштоосунда бараткан автоколонна үйлөрдүн өрттөлгөн блокторун аралап өтүп, ичинде күйүп кеткен темир буюмдардын калдыктарын көрүштү.
Токой өртү 9-августта АКШнын Гавайи штатындагы Мауи аралында башталган. Катуу шамалдан улам өрт тез арада туристтик Лахайна шаарына өтүп, толугу менен күйүп кеткен. 5 миңдей адам турак-жайсыз калды. 114 киши көз жумганы белгилүү.