Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев журналист Кадыр Кошалиевге маек берип, Президент Садыр Жапаровдун ийгилиги деп үч нерсеге басым жасады. Алар “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара тилкелеринин чечилиши, тактап айтканда, делимитация жана демаркация иштеринин жыйынтыкталышы, үчүнчүсү, Казакстан менен Өзбекстандын президенттерин Ысык-Көлгө чогултуп, келечекке бирге кадам таштоо, ынтымакта жашоо, биргеликте өнүгүү деген маанилүү документти кабыл алынышы”,- деп билдирген. Ал жалпы кыргыз элине тынчтык, бакубат турмуш каалаган.