Президенттин уулу күнөөлүү деп табылды

Автор

АКШнын президенти Жо Байдендин уулу Хантер Делавэрде куралды мыйзамсыз сактоо жана расмий документтерди толтуруу учурунда баңгизат колдонгондугу жөнүндө жалган маалымат берүү сыяктуу үч федералдык айыптоонун негизинде күнөөлүү деп табылды. Соттор үч саат кеңешип, чечим чыгарышты.
Хантер Байденге каршы сот процесси бир жумага жакын созулду.
Эми сот Хантер Байден кандай жазага тартылаарын аныктайт. АКШнын президентинин уулу 25 жылдай эркинен ажырары жана 750 миң доллар айып пул төлөөрү болжолдонууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей алышат? Министрликтин жообу

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жайкы каникулдун башталышына байланыштуу Кыргызстанда өспүрүмдөр канча саат иштей аларын маалымдады. Эмгек мыйзамдарына ылайык, өлкөдө 16 жашка толгон кыргызстандыктар иштей берсе болот. Ал эми 15 жаштагы өспүрүмдөр эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен жумушка орношо алат. “14 жашка толгон окуучулар да эмгек […]

Сизге жагышы мүмкүн