Президенттин партиясы парламентте 125 орундун 68ин алат

Автор

Азербайжанда бийликтеги «Ени Азербайжан» партиясы Милли Меджлисине кезексиз шайлоодо алдыда келүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, президент Ильхам Алиевдин партиясы бир палаталуу парламенттеги 125 орундун 68ин алат.
Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторунун 91 пайызынын протоколдорун иштеп чыгып, жыйынтыгын жарыялады.
Өлкөдө саясий өнөктүккө катышуу 37,27 пайызды түздү.
Шайлоо биринчи жолу мурда таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы көзөмөлдөп келген аймакта өткөрүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкөдөгү ЖОЖдорго 45 этникалык кыргыз кабыл алынды

2024-2025-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган 45 этникалык кыргыз кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетине – 11, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына – 8, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 5, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине […]

Сизге жагышы мүмкүн