Президенттин мурдагы жансакчысынын жансыз денеси табылды

Автор

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин мурдагы жеке күзөтчүсү болгон Махир Мамедовдун жансыз денеси Түркиядагы мейманканалардын биринде табылды.
Маалыматка ылайык, 50 жаштагы Махир Мамедов Түркиянын Айдын шаарынын Кушадасы аймагында эс алып жүргөн.
Ал бир кезде Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин жеке күзөтчүсү болуп иштеген. Түркияга аялы жана уулу менен үч күн мурда келген.
27-августта, эртең мененки тамактан кийин Мамедов жана анын үй-бүлөсү эс алуу үчүн бөлмөгө барышкан. Бир аз убакыттан кийин аялы жана уулу шаарды кыдырууга чыгышкан. Бөлмөгө кайтып келгенде, аны жерде кыймылсыз жатып калган абалда табышкан. Мамедовдун так өлүмүнүн себеби текшерүүдөн кийин белгилүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде калтырды

Улуттук банктын Башкармасы эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди. Маалыматка ылайык, чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет. “Кыргызстанда жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөп, 3,6% деңгээлинде түптөлгөн. Товардык түзүмдө азык-түлүк товарлары боюнча керектөө бааларынын өсүш арымы төмөндөгөндүгү байкалган, бул азык-түлүктүн (негизинен жашылча жана жемиштер, ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн