Президенттин мурдагы басма сөз катчысына кол салууга байланыштуу төрт адам кармалды

Автор

Өзбекстандын мурдагы президенттин басма сөз катчысы Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш ишинин алкагында төрт киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымдады. Кармалгандардын аттары, фамилиялары же баш тамгалары ачыкка чыгарылган эмес, Алламжонов жөнүндө да маалымат берилген жок.
Кылмыш иши Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 25, 97 жана 248 беренелери боюнча козголгон.
Окуя 26-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 01:40та Ташкент облусунун Кибрай районундагы Ифор көчөсүндө болгон. Эки белгисиз адам Range Rover унаасына бир нече жолу ок чыгарып, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен. Жабыркагандар жок.
40 жаштагы Комил Алламжонов 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын октябрына чейин Өзбекстандын президентинин басма сөз катчысы болуп иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК “Оберон” базары боюнча эмне деди?

Оберон «Дордой» жана Оберон «Орто-Сай» базарларынын аймактары мамлекеттин кирешесине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат. Ага ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. «Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн