Түштүк Кореянын Коррупцияга каршы иликтөө башкармалыгы кызматтан четтетилген президент Юн Сок Ёлдун ишин прокуратурага өткөрүп берди. Бул чечим тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Бул кадам тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берери менен түшүндүрүлдү. Анткени шектүү төңкөрүш уюштуруу боюнча олуттуу айыптоого карабастан, азыркы күнгө чейин тергөө менен кызматташпай жатат. Кылмыш ишине байланыштуу суроолорго жооп бербей, суракка баруудан баш тартууда.
Юн Сок Ёлдун адвокаты суракка барбай жатканын анын ден соолугу менен түшүндүрүүдө.