Президенттин кудасы экс-президентке тиш кайрады

Автор

“Сооронбай Жээнбеков бүгүн экс-президент деген статусу менен резиденцияда жашап, мамлекеттин эсебинен тамактанып, 100 миңден ашык пенсия алып жашап жатат. Анысы аз келгенсип, мамлекеттик күзөт кызматы коопсуздугун камсыздайт. Мен анын баарын эсептетип жатам”,- деп билдирди  Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев “Азаттык” радиосуна курган маегинде. Ал жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаровго кайрыларын, анын жакындарына да, мамлекеттен жеңилдик берилип, берилбесин изилдеп жатканын, атайын мыйзам жазып, анын “экс-президент” деген макамын жокко чыгартууга аракет жасаарын айтты. Депутат белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков “экс-президент” деген макамга татыксыз.

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кан кудаасы экенин айтып келет. Анын мындай билдирүүсү экс-президенттин тарапташтарын дүргүтүп, коомду экиге бөлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын Коргоо министри негизги соккусу алдыда экенин билдирди

Украинанын Коргоо министри Алексей Резников The Financial Times гезитине берген маегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн  негизги соккусу али алдыда экенин билдирди. Ал украин аскерлеринин негизги резервдери, Батышта машыккан жана заманбап техникалар менен жабдылган көпчүлүк бригадалар аракетке келтириле электигин билдирди.  Ал Пригожиндин козголоңу батыш өнөктөштөрүнө “Украинанын жеңишинин жакындыгын” көрсөттү деп эсептейт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн