Президенттин кубогу – 2024: Көк бөрү боюнча мелдештер уланууда

Автор

Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна арналган турнири уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу бир гана лиганын алкагында, олимпиадалык системанын негизинде өткөрүлүп жатат.
Мелдешке жалпы 14 курама команда катышууда. Алар: Ак-Суу, Алтын-Альянс, Ак-Илбирс, Ысык-Ата, Казарман, Ала-Арча, Талас шаары , Бапа Барскоон, Бийиктик, Ичке-Суу, Асанбек-Ата, Кара-Ой, Шахтёр жана Чүй-Токмок командалары.
Мелдеш департаменттин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана КР Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 29-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 95 тыйын болсо, сатуу 85 сом 41тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 10 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн