“Президенттин Кеңешчилеринин бири Айдар Халиков кызматтык күбөлүгүн өзүнүн жаман максатына колдонуп жүргөн”. Мындай маалыматты Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы
Дайырбек Орунбеков билдирди.
Белгилүү болгондой, ал контрабанда жолу менен Өзбекстандан шифер ташып, ар кандай иштерге ортомчу болуп жүргөн. Ошондой эле облустардын жана райондордун жетекчилерине басым көрсөтүп келгени айтылат маалыматта. Президент мунун баарын билгенден кийин өзүнүн коомдук байланыштагы бардык кеңешчилерин жана жардамчыларын кызматтан алган.
Айдар Халиков өзүн оппозициялык саясатчы катары баалап, өлкөдөн чыгып кеткен. Кечээ Болот Темировдун ютуб каналына маек берип, бийликке бир катар далилсиз күнөөлөрдү таккан.