Президенттик шайлоо үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-июнда башталат

Автор

Өзбекстанда президенттик шайлоо үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-июндан 5-июлга чейин өтөт.

Өзбекстанда  кезексиз президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-июндан 5-июлга чейин созулат. Бул тууралуу чечимди 20-июндагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Шайлоо участкалары саат 9:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 11:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Шайлоо күнү жашаган жеринде болууга мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө катышууга укуктуу. Алар шайлоо күнү келбей калган себебин көрсөтүү менен участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуусу керек.

Шайлоо бюллетенин жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинада же бөлмөдө толтургандан кийин аны жабык конвертте калтырат, ал БШКнын сейфинде сакталат. Конверт чапталган жерге комиссиянын эки мүчөсүнүн колу коюлат, алар комиссиянын мөөрү менен ырасталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эсеп Палатасынын төрагасы мыйзам бузган ишканаларды атады

“Кыргыз Темир жолунда 6 млрд сомго чейин мыйзам бузуулар аныкталган. Ал эми Манас аба майданы 4,5 млрд сом. Булар өздөрүнүн карамагындагы жерлерди бүгүнкү күндөгү баасына чыгарып, баланска койгон эмес. Мындайча айтканда, ар бир келген инвестор алгач, активин сурайт да. Биз активин 4.5 млрд сомго көтөрүп, балансына коюп бергенбиз”,- деп билдирди […]

Сизге жагышы мүмкүн