Өзбекстандын БШКсы быйыл 9-июлга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо 6-июнда аяктарын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахром Кучкаров билдиргендей, партиялар 13-майга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого арыз берип, 15-майга чейин шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырышы керек. Партиялар тарабынан талапкерлерди көрсөтүү 17-майдан 1-июнга чейин белгиленген. Талапкерди каттоо документтери 2-июнга чейин БШКга тапшырылышы керек. Каттоо 6-июнда аякташы керек.