Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Автор

Иранда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоонун экинчи туру жума күнү өтөт. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө ачылат. Жыйынтыгы 6-июлда бардык добуштар саналып бүткөндөн кийин белгилүү болору күтүлүүдө. Президенттик орун үчүн 69 жаштагы мурдагы саламаттыкты сактоо министри реформатор Масуд Пезешкиян жана Ирандын лидеринен улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеште өкүлү консерватор 58 жаштагы Саид Джалили атаандашышат. 28-июнда өткөн биринчи турда Пезешкиян жана Джалили тиешелүүлүгүнө жараша 44 пайыз жана 40 пайыз добуш топтошту. Жеңиш үчүн 50 пайыздан ашык добуш алуу керек болчу. Элдин катышуусу 40 пайызды түздү. Бул Ирандын 45 жылдык тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч болду.
Президенттик жарыштын эки катышуучусу тең экономикалык өсүү, социалдык прогресс жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда алты айда дээрлик 34 миң жаранга пенсия чектелди

Кыргызстанда алты айда дээрлик 34 миң жаранга пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, фонд 2024-жылдын январь-июнь айларында 33 миң 772 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2024-жылы июнь айында 2813 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана июньыптыгы боюнча 633 пенсионерге кошумча берилген документтерге […]

Сизге жагышы мүмкүн