Беларус Республикасынын Президентинин шайлоосунда мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн биринчи күнү жарандардын катышуусу 7,81 пайызды түздү.
Өлкөдөгү шайлоо процессин 44 361 улуттук байкоочу көзөмөлдөп жатат.
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 2025-жылдын 21-январынан 25-январына чейин өтөт. Бул мезгилде 26-январь күнү шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулар добуш бере алышат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдө участкалык комиссиялар түшкү тыныгуусуз саат 12:00дөн 19:00гө чейин иштейт.
26-январда шайлоонун негизги күнүндө, добуш берүү саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.