Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган жеңгенин жарыялады.
Бюллетендердин 99,75 пайызы иштелип чыккандан кийин Эрдоган 52,1 пайыз добушка ээ болду.
Анын атаандашы, оппозиция лидери Кемал Кылычдароглу 47,9 пайыз добуш алды.