Түркияда президенттик шайлоодо бюллетендердин 99,9 пайызы саналды. Жыйынтыгы боюнча Эрдоган 49,35 пайыз добуш менен алдыда келе жатат.
Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын эсептөөлөрүнө ылайык, талапкерлер төмөнкүдөй жыйынтыктарга ээ болушту:
Режеп Тайып Эрдоган – 49,35%
Кемал Кылычдароглу – 45%
Синан Оган – 5,22%
Мухаррем Инже – 0,43%
Жалпысынан 24 саясий партияга жана 151 көз карандысыз талапкерге уруксат берилди.
Бир дагы талапкер добуштардын жарымынан көбүн 50 пайыздык чекти ала албагандыктан, добуш берүүнүн экинчи туру 28-майда өтөт.