Президенттик шайлоодо Илхам Алиев Карабактагы шайлоо участкасында добуш берди

Автор

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактын Ханкенди шаарына келип, №122 шайлоо округунун №14 жергиликтүү шайлоо участогунда кезексиз президенттик шайлоодо добуш берди.
Алиев шайлоо участкасына жубайы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен келген.
Шаршембиде өтүп жаткан Азербайжандагы президенттик шайлоонун негизги өзгөчөлүгү биринчи жолу республиканын бүткүл аймагында, анын ичинде Карабакта да уюштурулуп жатат.
7-февралда Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү саат 19:00дө аяктайт. Мамлекет башчылыгына 7 талапкер ат салышууда, анын ичинде азыркы президент Илхам Алиев да бар.
Азербайжандын президенти 7 жылга шайланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Роналду “Сантьяго Бернабеуге” кайтышы мүмкүн

“Реал” клубу реконструкциядан бошотула турган “Сантьяго Бернабеу” стадионунун ачылыш оюнуна атаандаш команданы тандады. Оңдоо иштери 2024-жылдын аягында же 2025-жылдын башында бүтөт. Ачылыш оюнуна мадриддик футболчулар Сауд Арабиянын “Ан-Наср” клубун чакырышты. Белгилүү болгондой, бул командада Криштиану Роналду ойноп жатат. Эске салсак, Роналду “Реалда” 2009-2018-жылдары ойногон. Ал 438 беттеш өткөрүп, 450 гол […]

Сизге жагышы мүмкүн