Азербайжанда президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 15 адамга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында төрага Мазахир Панахов билдирди. Анын айтымында, буга чейин 7 адамдын талапкерлиги жактырылган, 8 адамдын талапкерлигин бекитүү маселеси каралууда. Президент Илхам Алиев Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Буйрукка ылайык, саясий өнөктүк 7-февралда өтөт.
Бүгүн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын ойнотуу башталат
Дүй Дек 25 , 2023