Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио өлкөнүн борбору Китодогу шайлоо митингинен кийин башына үч ок тийип каза болду.
Маалыматтарга караганда, дагы сегиз киши жарадар болгон. Алардын жетөө ооруканага жаткырылган.
Прокуратура кол салууга шектелген адам октон алган жаракатынан улам көз жумганын тактады.
Акыркы сурамжылоолорго ылайык, Вильявисенсио президенттик жарышта жеңишке жетиш үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес.
Эквадордо шайлоо 20-августта өтөт.