Россиядагы эки партия – “Өнүгүү партиясы” жана “Жаңы адамдар” биригип, өлкөдөгү президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер көрсөтүштү. Ал парламенттин төмөнкү палатасынын вице-спикери Владислав Даванков
Анын талапкерлигин “Жаңы адамдар” курултайынын 69 делегаты бир добуштан колдоду.
Владислав Даванков 1984-жылы 25-февралда Смоленск шаарында төрөлгөн. М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин, «Сколково» Москва башкаруу мектебин, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.