Президенттике талапкер үйүнө басып киргендерди атарын айтты

Автор

АКШнын учурдагы вице-президенти жана өлкө башчылыгына талапкер Камала Харрис анын үйүнө кирип барган ар бир адамды атып саларын айтты.
Ок атуучу куралдарды колдонуу маселеси Харристин белгилүү алып баруучу Опра Уинфри менен бейшемби күнү кечинде өткөн шайлоо алдындагы иш-чарада маек учурунда көтөрүлдү.
“Эгер кимдир бирөө менин үйүмө кирип келсе, ал атып өлтүрүлөт”,-деген Харрис бул сөздөрдү күлүп айтты.
Вице-президент бир нече жолу өзү ок атуучу куралдын ээси экенин айтып келген. Бул тууралуу экс-президент Дональд Трамп менен болгон дебаттар учурунда сөз болгон.
АКШдагы президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Демократиялык партиядан бул шайлоодо вице-президент Харрис, ал эми Республикачылардан экс-президент Трамп талапкер болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-казак логистикалык борбору курулат

Кыргыз-Казак мамлекеттери “Ак-Тилек” жана “Карасу” көзөмөл өткөрмө бекеттерине соода-логистикалык комплексин курат. Анын аянты 7,6 чарчы чакырымды түзөт. 4 чарчы чакырымы Кыргызстанга таандык болмокчу. Эки өлкө соода-логистикалык комплекс түзүү жана ишин жөнгө салуу боюнча эми депутаттардан макулдук алып, ратификациядан өткөрүшөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн