Президенттердин жашоосу жөнүндө маалыматтар жашыруун болот

Автор

Казакстандын парламенти мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул документ өлкөнүн мурдагы президенттери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалына жана жеке жашоосуна байланышкан маалыматтарды жашыруун кылат.
Мыйзам парламент тарабынан кабыл алынгандан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Казакстандын көзкарандысыз тарыхында учурда бир эле мурдагы президент бар. Ал 84 жаштагы Нурсултан Назарбаев. Анын үй-бүлөсү көптөгөн иликтөөлөрдө коррупциялык схемаларга, бүтүмдөргө жана активдерге байланыштырылып келет. Ошол эле учурда анын ден соолугуна жана жеке жашоосуна байланышкан маалыматтар буга чейин эле коомчулуктан жашырылганы айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду жаңы бизнес ачты

Легендарлуу португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду жаңы бизнесин ачты. Ал спортчуларды калыбына келтирүүчү каражаттарды саткан AVA компаниясын ачкан. Ал-Насрдын чабуулчусу долбоордун башталганын социалдык тармактар аркылуу жарыялады. Роналду бул бизнестеги жеке тажрыйбасын колдонуп, анын тез айыгып, жыйынтыгын жакшыртууга жардам берерин айтты. Бул Криштиану биринчи бизнес эмес экенин белгилей кетүү керек. Анын өзүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн