Президентке импичмент жарыялоо боюнча иликтөөгө уруксат берилди

Автор

Республикачылардын атынан АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасы азыркы президент Байденге импичмент жарыялоону иликтөөгө уруксат берген резолюцияга добуш берди.
Жыйынтыгында Байденге импичментти иликтөөгө уруксат берген резолюцияга 221 макул, 212 каршы добуш берилди.
Өкүлдөр палатасында Американын президенти Жо Байденге каршы тергөө мурдагы спикер Кевин Маккартинин чечими менен башталып, кийинчерээк ал кызматынан четтетилген.
Тергөө Барак Обаманын тушунда АКШнын вице-президенти болуп иштеген мезгилде Байден анын уулу Хантердин чет элдик бизнесине тиешеси бар деген айыптарга байланыштуу. Ак сарай айыптоолорду четке кагууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Чоң-Алай районуна жаңы аким дайындалды

Мирбек Шамырканов Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн