Президентке импичмент долбоору парламентке сунушталды

Автор

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо боюнча добуш берүү 6 же 7-декабрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Рёнхап» кабарлады.
Документ 4-декабрда саат 14:43тө парламентке киргизилген. Долбоор отурумда каралгандан кийин 24-72 сааттын ичинде добуш берүү өтүшү керек.
Импичмент долбоорун оппозициялык алты партиянын 191 депутаты колдоду. Жалпысынан парламентте 300 депутат бар. Импичмент жарыялоо үчүн парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосу же 200 добуш керек.

Бөлүшүү:
Next Post

5-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9, Талас […]

Сизге жагышы мүмкүн