Польшадыгы мелдеште Калмира Билимбек кызы күмүш медалга татыды

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик турнирдин күмүш байгесине татыды.
59 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны биринчи жана экинчи раунддарда польшалык балбандарды алгач 4:3, кийнкисин 8:0 эсебинде далысын басып жеңишке жеткен.
Ал эми финалда Билимбек кызы германиялык атаандашына 7:0 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.
Белгилей кетсек, рейтигдик мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектин борборунда Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Бүгүн, 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Эстеликти ачуу аземи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун ишмерлери, […]

Сизге жагышы мүмкүн