Польшадыгы мелдеште Айсулуу Тыныбекова алтын утту

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик мелдешде алтын утту.
62 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны алгач польшалык, андан кийин канадалык спортчуларды мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан.
Финалда ал Париждеги Олимпиада оюндарында атаандаш боло турган германиялык Луиза Ниемеш менен беттешип, аны 4:1 эсебинде жеңип, алтын байгенин ээси болду.
Белгилей кетсек, рейтигдик мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖРТ жыйынтыгы: «Алтын сертификатка» ээ болгондордун тизмеси жарыяланды

Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу – Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү […]

Сизге жагышы мүмкүн