Польшада күрөш боюнча эл аралык турнир башталды

Автор

Бүгүн, 19-июнда кыргызстандык грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат.
Мелдештер 19-23-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтөт.
Бүгүн балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков килем үстүнө чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

60 кг – Жоламан Шаршенбеков;
67 кг – Амантур Исмаилов;
67 кг – Раззак Бейшекеев;
77 кг – Акжол Махмудов;
97 кг – Үзүр Жузупбеков;
— башкы машыктыруучу – Азат Эркимбаев;
— улук машыктыруучу – Улукбек Карачолоков.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

59 кг – Калмира Билимбек кызы;
62 кг – Айсулуу Тыныбекова;
68 кг – Мээрим Жуманазарова;
76 кг – Айпери Медет кызы;
— башкы машыктыруучу – Нурбек Изабеков.

Бөлүшүү:
Next Post

“Сапаттын” окуучусу Америкада алтын медаль утту

АКШнын Рочестер шаарындагы Рочестер технологиялык институнда 10-июндан 15-июнга чейин Genius Olympiad олимпиадасы өттү. 67 мамлекеттен 2557 окуучу катышкан Олимпиадага кыргызстандык окуучулар да барышты. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин окуучусу Актан Кадыржанов олимпиадага Art категориясы боюнча катышып, алтын медаль утту. Машыктыруучу Гуломжон Сайпидиновдун коштоосунда барган калган катышуучулар: Марлен Таалайбеков, Ажынур […]

Сизге жагышы мүмкүн