Полигондун жетекчиси өзөктүк сыноолорго даяр экендигин билдирди

Автор

РФнын Жаңы Жер архипелагындагы полигон буйрук түшсө, кез келген учурда өзөктүк сыноолорду баштоого даяр экенин жетекчиси Андрей Синицын билдирди. Анын айтымында, полигондо үзгүлтүксүз машыгуулар өтүп турат.
«Полигон кеңири масштабдуу сыноо иштерин кайра баштоого толугу менен даяр. Лабораториялык-сыноо базасы, кызматкерлер даяр. Эгер буйрук берилсе, биз каалаган учурда сыноолорду баштайбыз»,-деди контр-адмирал Синицын «Российская газетага» берген маегинде.
Анын айтымында полигон атайын аскердик операция аймагынан өтө алыста жайгашкандыктан, ал жерге заманбап ракеталарды колдонгон душмандын да жетүүсү кыйын деп эсептелет.
Контр-адмирал полигон диверсиялык топтордун чабуулдарын кайтарууга даяр экенин билдирди. Журналисттин мындай окуянын ыктымалдыгы тууралуу суроосуна «Ким кепилдикти ким бере алат? Эң негизгиси кийин баатырдык менен кайтарууга туура келбеши үчүн мындай мүмкүнчүлүктү алдын алуу керек. Ошондуктан бизде коопсуздук бөлүктөрү күн сайын мындай коркунучтарды кайтарууга даяр»,-деп жооп берди.
2023-жылдын жазында РФ Президенти Владимир Путин АКШ ядролук сыноолорду кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын айткан. Эгер андай болсо, Россия да, балким, ошол эле кадамга барарын четке каккан эмес.
СССР акыркы өзөктүк сыноосун 1990-жылы өткөргөн. Ал эми АКШ 1992-жылы сыноо өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаштар арасында футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-29-сентябрь күндөрү Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо жаштар арасында футбол боюнча 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жаштар курама командасы Мирлан Эшеновдун жетекчилиги астындагы “I” тайпада жайгашкан Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен кез келет. Тандап алуу оюндарына жалпысынан […]

Сизге жагышы мүмкүн