Поезд жолдон чыгып, 30 адам көза жумду

Автор

Пакистандын түштүк-чыгышында поезд рельстен чыгып кетип, 30 киши көз жумса, 80 киши жарадар болгон.
Окуя Пакистандын Синд провинциясында Карачиден 275 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Навабшах шаарына жакын жерде болуп, 10 поезд вагону рельстен чыгып кеткен. Окуя болгон жерде куткаруу топтору жана аскерлер иштеп жатат. Райондун медициналык мекемелеринде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул каттамдагы поезддердин кыймылы токтотулду.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бардык жабырлануучуларга керектүү жардамдар көрсөтүлгөн соң окуянын чоо-жайын тыкыр иликтөөгө убада беришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Чүйдө 19,3 миң жаранга жер тилкеси боюнча кызыл китеп берилет

Чүй облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу жана бөгөт коюу максатында иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун коллегиясында айтылды. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев өткөргөн коллегияда буга чейин жарандарга жер тилкелерине 6556 мамлекеттик акт берилгени белгилүү болду. Кошумчалай кетсек, берилген 19 миң 361 арыз […]

Сизге жагышы мүмкүн