Брянск облусунда белорусиялык поезд жардыруудан улам рельстен чыгып кетти. 1-майда Брянск облусунда жүк ташуучу поезд жардыруудан улам рельстен чыгып кеткен. Өлкөнүн Транспорт министрлиги белгилегендей локомотив бригадасы жабыркаган эмес.
Министрлик тараткан билдирүүгө ылайык Унеча-Рассуха тилкесинин 136-чакырымында, жүк ташуучу поездден 50 метр алыстыкта белгисиз жардыруучу зат жарылган. Поезд 78 вагондон туруп, анын сегизи рельстен чыгып кеткен.