Мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматты (ФСВТС) жетектебейт. Бирок федералдык мамлекеттик органдын ишин көзөмөлдөйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
ФСВТСти 2017-жылдын 31-январынан бери Дмитрий Шугаев жетектеп келет. Ошол эле учурда Владимир Путиндин 11-майдагы жарлыгына ылайык, департаментти түздөн-түз Россия Федерациясынын президенти жетектейт.
Путин 12-майда Шойгуну кызматынан бошотуп, Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындаган. Президент Коргоо министрлигинин жетекчилигине экс-вице-премьер-министр Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштады.
Песковдун айтымында, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Николай Патрушев жакында башка ишке өтөт.