Песков: Россия Грузиянын ички иштерине кийлигишпейт

Автор

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, грузин жетекчилиги “өз өлкөсүн анын ички иштерине ачык кийлигишүүдөн камсыздандырууну” каалайт. Евробиримдиктин грузин өкмөтүнө жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдары үчүн санкция киргизүү коркутууларына токтолгон Песков бул Грузия мамлекетинин ички иштерине түздөн-түз кийлигишүү экенин кошумчалады.
Грузиянын парламенти үчүнчү окууда “чет элдик таасир жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Башкаруучу коалициянын 84 депутаты демилгени колдосо 30у каршы болгон.
Тбилисинин борборунда “чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына каршы нааразылыктар уланууда. Коопсуздук күчтөрү күндүз шаардын борборундагы нааразылык акциясын тарата баштады. Полиция демонстранттарды артка сүрүп, грузин парламентинин имаратына өтүүчү жолду жапкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кубанычбек Самаков: "Аманат" 300 миңден ашык жазанын билдирмелерин тараткан эмес"

Өткөн жуманын башында депутаттык топ санариптик жана өнүктүрүү министрлигинде көчмө жыйын өткөрүп келишкен. Мындай маалыматты депутат Кубанычбек Самаков билдирди. Алар жол коопсуздугунун жазаларын элге жеткирип берүүнү тендерден утуп алган “Аманат” деген компаниянын Көк-Жардагы кеңсесине да барышкан. “Аманат” болсо, жазаларды элге жеткизбейт экен. Биз кирип барганыбызда 300 миңден ашык жазанын билдирмелери […]

Сизге жагышы мүмкүн