Украинанын Куралдуу күчтөрүнө америкалык ATACMS ракеталарын колдонуп, Россиянын аймагына сокку урууга уруксат берилгендиги тууралуу маалымат кагылышуудагы чыңалуунун жаңы баскычын билдирет. Бул тууралуу РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Эгерде мындай чечим чындап эле кабыл алынып, Киев режими менен бөлүшүлсө, бул чыңалуунун сапаттуу жаңы деңгээли жана бул кагылышууга АКШнын катышуусунун жаңы жагдайы болуп эсептелет»,-деп билдирди ал басма сөз жыйынында.
Песков Кремлде азырынча бул тууралуу маалыматтын батыш ЖМКларынан гана алынганын белгиледи. «Бирок, көрүнүп тургандай, Вашингтондогу бийликтен кетип жаткан администрация өздөрүнүн сөздөрүн ишке ашыруу менен чыңалууну мындан ары күчөтүүнү улантуу максатында аракеттерди көрүүгө ниеттенип жатат»,-деп кошумчалады Кремлдин өкүлү.
Песковдон орус президентинин кайрылуу жасашы күтүлөбү жана бул кабарларга байланыштуу кандай буйруктар берилгенин сурашты. Анын айтымында, президенттин Россиянын ичиндеги соккуларга карата позициясы Санкт-Петербургда так жана ачык-айкын айтылган. Ал кезде Путин Батыштын узак аралыкка атуучу куралдарын Россияга каршы колдонуу НАТО, АКШ жана Европанын өлкөлөрү Россия менен согушуп жатат дегенди билдирет деген.
17-ноябрда, америкалык жана европалык ЖМКлар АКШ президенти Жо Байден украиналык аскерлерге ATACMS ракеталарын Россиянын аймагына сокку урууга колдонууга уруксат бергенин жазышкан. The New York Times басылмасынын маалыматы боюнча, бул ракеталар РФ жана КНДРдын аскерлерине каршы Курск облусунда гана колдонулушу мүмкүн.